Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Ошто Кең-Сай конушу электрге туташтырыла баштады


Кең-Сай конушу.
Кең-Сай конушу.

Ош шаарындагы Кең-Сай конушуна электр энергиясы бериле башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, курулушу толук бүтпөй токтоп калган электр көмөк чордону Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилип, учурда аны калыбына келтирүү иштери башталды. Жыл аягына чейин бул аймакка электр жарыгын берүү пландалууда.

Мэр Жеңишбек Токторбаев иштебей турган насостук станцияны да оңдоп, тез арада сугат суу көйгөйүн чечүүнү тапшырды.

Ош шаарынын бийлиги 2010-жылы жер басып алуу аракеттерин токтотуу максатында шаар четиндеги Жапалак айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинен элге жер тилкелерин берүүнү чечкен. Жалпысынан 10 миңден ашуун адамга жер берилген. Конушта шарт түзүш үчүн 10 млрд сом кетери айтылган. Анын ичинен 1 миллиард сомго жакын акча бөлүнүп, ал да максаттуу пайдаланылбай калган.

Июль айында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто мамлекеттик кызматкерлерди чогултуп жыйын өткөргөндө Кең-Сай конушуна 2011-жылы 800 млн сом каралып, анын 260 млн сому максатсыз корогонун айтып, ага атышы бар адамдарды жоопко тартууну тапшырган.

Жыйынтыгында Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. менен жалданма компаниянын жетекчиси А.К.Б. кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар Кең-Сай массивин жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо үчүн берилген каражаттын максатсыз пайдаланышына, кымырылып кетишине айыпталып жатат.

Бир катар басылмалар кармалгандардын бири мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атасы Асилбек Жамшитов экенин жазышкан. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG