Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Израил Газаны толук оккупациялоону көздөйбү?


Израилдик аскерлер Газа тилкеси менен чек арада. 30-июль, 2025-жыл
Израилдик аскерлер Газа тилкеси менен чек арада. 30-июль, 2025-жыл

Израилдин өкмөтү Газа тилкесин толугу менен оккупациялоо сунушун киргизгенин, аскерлер буга каршы болуп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Мындай план Израилдин бир катар өнөктөштөрү АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы согушту токтотуп, гуманитардык кризисти тереңдетпөөгө чакырып келаткан маалда каралууда.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяхунун өкмөтү Газа тилкесин толугу менен басып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу израилдик медиа жазды. Маалыматка караганда, министрлер кабинети бейшембиде бул маселени талкуулоону улантмакчы.

Айрым министрлер журналисттер менен жеке сүйлөшкөндө Нетаньяху “тилкени оккупациялоо” деген терминди колдонгонун айтып беришти.

Ал эми Израил армиясы – ЦАХАЛдын командачылыгындагы айрым жетекчилер андай планга каршы болууда.

Шейшембиде премьер аскердик базалардын бирине барганда, Газада үч максатка жетүү зарылдыгын билдирди:

“Газада душманды биротоло талкалап, барымтадагы кишилерибизди бошотууну камсыздап жана Газаны мындан ары Израилге коркунуч жаратпагыдай кылышыбыз керек. Биз бул максаттардын биринен да баш тартпайбыз".

Израилдин маалымат каражаттары жогорку аткаминерлерге шилтеме менен кабарлагандай, аскердик операция “хамасчылар” мындан дээрлик эки жыл мурун туткундап кеткен кишилер кармалып жаткан жерлерде да жүрүшү ыктымал. Согушкерлердин колунда 50 киши туткунда, аларды 20сы тирүү деп болжолдонууда.

Шейшембиде Тел-Авивде өкмөттөн барымтадагыларды бошотуу жана анклавдагы согушту токтотуу келишимин түзүүнү талап кылган дагы бир акция өттү. Чогулгандар жолду тосуп, полиция менен кагылыша кетти. Күч органдары акцияны “мыйзамсыз” деп кууп-таркатууга аракеттенди.

Бир нече күн мурун ХАМАС жана "Ислам жихады" радикал топтору туткунда отуруп, арыктап, абалы оорлошкон Ром Брасловски жана Эвьятор Давиддин видеосун жарыялаганы барымтадагылардын жакындары ого бетер тынчсызданууда.

Алар муну "учурдагы Холокост" деп атап, израил бийлигин сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатканы үчүн сындады.
ХАМАС гуманитардык уюмдарга барымтада отургандардын абалы менен таанышууга жол бербей келатат.


Өз кезегинде АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Газаны басып алуу планын колдоп-колдобогонун ачык айтуудан баш тартып, бул "Израилдин иши" деди.

Тилкенин өзүндө гуманитардык кырдаал кескин начарлап баратат. Дүйшөмбүдө ЮНИСЕФ анклавда бомбалоодон, ачкадан, эң зарыл кызматтардын жоктугунан күнүнө 28 бала набыт болуп жатканын билдирди.

Тилкенин тургундары жардам өтө чектелүү санда келгендиктен, баарына жетпей жатканын айтышат.

"Жардамды тамчылатып жеткиришүүдө. Ооба, оор машиналар кирип-чыгып жатат, бирок бул жетишсиз, эл ачка бойдон. Мен эки жарым жумадан бери келип, куру кол кетип атам", - деп айтты Рейтердин кабарчысына Рафахта башкалкаган Юсеф Абу Мор.

БУУнун жана Палестинанын расмий өкүлдөрү газалыктардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күн сайын согушка чейинкидей болуп 600 машина жардам жеткирилүүгө тийиш деп айтышат.

ХАМАС радикал тобуна каршы уруш 2023-жылдын 7-октябрында башталган. Ага жоочулардын Израилдин аймагын аткылап, бир күндө 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 чакты кишини барымтага алганы себеп болгон. Радикал топ көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо мекемеси ошондон бери 61 миңден ашуун киши каза тапканын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG