Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

"Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу көрсөтмө берем". Сайпидиновдун чуулгандуу билдирүүсү


Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков)
Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков)

Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын өзү кабарлады. Ал УКМКнын төрагасы Ташиевге кайрылып, "Матраимов мени жок кылганы жатат" деп айтты.

6-августта Мунарбек Сайпидинов социалдык тармактарга жарыялаган видеосунда түнкү саат 2:20да Орусиянын полиция кызматкерлери кармап кетишкенин, анын артында Райымбек Матраимов турганын билдирген:

“Бул окуя Райымбек Матраимовдун мага каршы көрүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү деп ойлойм. Анткени мен анын бир топ жашыруун иштерин - Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды, ошондой эле башка мыйзамсыз иштерин билем. Менин оюмча Райымбек Матраимов бул маалыматтар коомчулукка жетип калбашы үчүн мени жок кылууга аракет кылууда”.

Сайпидинов Кыргызстандын “ички иштер органдарынын кызматкерлерине ишеним артпай турганын, анткени алардын арасында Райымбек Матраимов менен байланышы барлар иштейт" деп эсептерин айткан. Мындан улам УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишин “жеке көзөмөлүнө алышын, тергөө менен толук кызматташууга, көрсөтмө берүүгө жана болгон чындыкты ачык айтууга даярдыгын” белгилеген.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары Сайпидиновдин дооматтары боюнча үн ката элек.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков Орусияда Сайпидиновдун кармалганы тууралуу маалыматы жоктугун "Азаттыкка" айтты.

"Азаттык" Москвадагы Кыргызстандын ИИМнин өкүлчүлүгүнө байланышканда маалыматты Бишкектеги министрлик гана берерин билдирди.

Соңку үч-төрт жылдан бери аты угулбай калган Матраимовдун өкүл баласынын чуулгандуу билдирүүсүнөн кийин коомчулукта Кыргызстандын укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүгө тийиш деген пикир айтыла баштады.

Иликтөөчү журналисти Али Токтакунов "Жанына күч келгенде Мунарбек Сайпидинов карандай калп айтышы да, билген чындыгын айтышы да мүмкүн" деп, аны Кыргызстандын күч органдары суракка алуусу шарт экенин жазды.

Мунарбек Сайпидинов деген ким?

35 жаштагы Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) - кыргыз коомунда "Раим миллион" деген лакап ат менен таанылган Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Ал Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген.

2020-жылы 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги талапкерлер, 23.08.2020
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги талапкерлер, 23.08.2020

2021-жылы январда Сайпидинов мектеп курулушуна сарпталган акчаны "ашыкча көрсөтүп, сапатсыз курулушту кабыл алган" деп шек саналып, кылмыш иши ачылып, кызматтан алынган. Андан көп узабай казынага 1 миллион 33 миң 700 сом материалдык зыянды кайтарып берген. Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишти кыскартканы маалым болгон.

"Райым миллиондун" өкүл баласы миллионду кайдан тапты?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:43 0:00

2020-жылы 19-ноябрда УКМК кызматкерлери Сайпидиновдун үйүндө жана иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзгөн. Ал өзү "саясий куугунтукка кабылганын” айтып, бирок ким куугунтуктап жатканын атаган эмес.

Атайын кызмат Сайпидиновдун тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөнүн белгилеген. УКМК Ош шаарында жана Ош облусунда "криминалдык элементтердин коомдук-саясий абалга таасир этишине жол бербөө, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларга бөгөт коюу" багытында иш жүрүп жатканын билдирген.

Сайпидинов Кара-Суу районунда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда иш бөлмөсүнө Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен кошо арапча жазууну илип алган сүрөтүн "Инстаграм" баракчасына жарыялаган.

Мунарбек Сайпидинов жарыялаган сүрөт
Мунарбек Сайпидинов жарыялаган сүрөт

Савайдын айыл өкмөт башчысы МR деген көк бөрү командасын баштап турган сүрөтүн да жарыялаган. Көкбөрүчүлөрдүн кийиминдеги МR деген жазуу Матраимов Раимбек же Мунарбек Раимбеков дегенди билдиреби - сыр бойдон калган. Кыскасы таасирдүү бажычынын өкүл баласынын бул сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштаган.

Мунарбек Сайпидинов Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт
Мунарбек Сайпидинов Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт

2018-жылы Мунарбек Сайпидиновдун бир тууган агасынын үйүнөн автомат баштаган бир нече ок атуучу курал огу менен табылган эле. Мунарбек Сайпидинов өзү да 2013-жылы Кара-Суудагы жергиликтүү шайлоо учурунда атаандаш талапкердин өкүлүн тапанча менен атып, аты чыккан болчу. Ал окуя боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам кыскартылган.

Кийинчерек Мунарбек Раимбеков фамилиясын Сайпидинов деп өзгөртүп, КараСуу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган.

"Раим Миллиондун" өкүл баласы кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:48 0:00

"Азаттыктын" иликтөөсү: "Бажыдагы миллиондор"

Райымбек Матраимов соңку 15 жылда аткаруу бийлигинен тарта парламентке, жада калса президентке да таасир этип, саясий элитадан болуп көрбөгөндөй коргоо тапкан.

2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин коомчулукта аты атала баштаган. 2015-жылы алгачкылардан болуп “Азаттык” радиосунда “Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры” деген макала жарык көрүп, анда бажыдагы коррупциялык иштер тууралуу азыноолак кеп болгон.

Андан кийин “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Улан Эгизбаевдин 2017-2018-жылдары бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун аты аталып, мамлекеттик кызматта иштеген аткаминер кайдан байлык топтогон деген суроо коюлган.

Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө сууга чөгүп, 28 жашында өмүрү кыйылган.

2019-2020-жылдары "Азаттык" радиосу, "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP), Кыргызстандагы "Kloop" медиасы бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялап турду. Ал иликтөөлөрдө Матраимов түзгөн бажыдагы көмүскө системанын бети ачылган.

Саймаитинин өлүмү: Киллерди ким жалдаган?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:30 0:00

2020-жылы өлкөдө саясий бийлик алмашкандан кийин Райымбек Матраимов бир нече жолу кармалып, 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзгөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтиргенин мойнуна алган.

Былтыр 25-мартта Азербайжандан кармалып, Бишкекке жеткирилген соң дээрлик тогуз айдай тергөө абагында жаткан Райымбек Матраимов ноябрда бошотулуп, декабрда “бейбаштык” беренеси менен соттолду. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын былтыр жыл соңунда айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG