Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

"Окуп, дрон жасашат". Улан-кыздарды азгырган "Алабуга"


“Онлайн оюн аркылуу кызымды Орусияга азгырышты”
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:21 0:00

“Онлайн оюн аркылуу кызымды Орусияга азгырышты”

Украинадагы согушта орус күчтөрү колдонгон дрондорду чогулткан “Алабуга Политех” окуу жайына тапшырган кыргызстандык студенттер арбын. Алар окуу жайга онлайн оюн аркылуу тандалып алынган. “Азаттык” бул улан-кыздардын ата-энелери менен маектешти.

Татарстандын Елабуга шаарындагы "Алабуга" эркин экономикалык аймагында учкучсуз уча турган аппараттар жасаларын орусиялык иликтөөчү журналисттер, эл аралык басылмалар жазып чыккан.

“Алабуга Политех” студенттерди сокку урган дрондорду жасоого ачыктан ачык эле үндөп келет.

Жеке коопсуздугу үчүн атын атагысы келбеген Чүй облусунун тургуну “Алабуга Политех” Телеграм-каналы аркылуу окуучуларга оюн ойнотуп, андан утуп чыккандарын окууга чакырып жатканын айтып берди.

Каарманыбыздын 16 жаштагы кызы аз жерден Орусияга кетип кала жаздаган.

“Биринчи сентябрдан баштап мугалимдер Вотсаптан балдарга "Алабуганын" сайтынын шилтемесин жөнөтүп, ага кирип ойногула дейт. Балдар 1-сентябрдан баштап ойноп башташат. Кызым башында кызыккан эмес. Мугалимдер улам айта бергенинен кышында ойной баштады. Мен "эмнени ойноп атасың?" десем, "оюн аркылуу Орусияга окууга өтсө болот экен" деди.

- Ал эмне болгон оюн экен?

- Биринчи турда 16 баскыч бар экен. Мышыктар менен бизнес сыяктуу акча топтоп, аны туура бөлүштүрүп, ойношот экен. Мышыкты сатып алат, чоңойтушат, багышат, кайра сатышат. Эң негизгиси акчасы түгөнүп калбашы керек. Ар бир баскычта ушул эле мааниде ар башка оюн. Кызым ийгиликтүү өтүп, экинчи баскычка чыкканда окуу жайдын өкүлдөрү кызымдын Телеграмына жазып, экинчи турдун файлын ыргытышты. Экинчи оюн деле мышыктар сымал, бирок оорураак. Андан өткөндөн кийин 3-турда ал адамдар ("Алабуганын" өкүлдөрү) Кыргызстанга келди. Майда келип, экинчи турдан өтүп кеткен балдардын баарын чогултуп, интернет клубга чакырып, аларды бири-бири менен ойнотушту.

Кыргызстандык окуучулар ойноп, окууга өткөн оюн
Кыргызстандык окуучулар ойноп, окууга өткөн оюн

Чүйгө келгенде ар башка райондордон балдарды чакырып, орто мектептин компьютер классына киргизип, 20-30дай баланы ойнотту. Менин кызым ал баскычтан дагы өтүп кетти. Болжол менен бир айдан кийин бизге "өттүңөр" деп жазышып, жеке маалыматтарды, ID-картаны, чет элдик паспортту сурашты. Биз салып жибердик. Биздин өлкөнү тактап, кыргызстандык балдардын тайпасына кошту”.

“ Тынбай телефон чалып, жабыша баштады”

“Алабуга Политех” колледжи окуучуларга Телеграм- каналдар аркылуу байланышат. Окуу жай КМШ өлкөлөрүндөгү 15тен 21 жашка чейинки 9-10-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алууга жарнама берет. Ар бир өлкөнүн окуучулары үчүн Телеграмда тайпа ачып, ал жактан тапшырмаларды берип, балдарды онлайн жетектешет.

Кыргызстандагы ата-энелер үчүн ачылган тайпа
Кыргызстандагы ата-энелер үчүн ачылган тайпа

Самиранын (аты өзгөртүлдү) кызы дагы Телеграмдагы кыргызстандык окуучулар үчүн ачылган тайпага кошулган. Бир эле группада 14 киши бар. Ал жакка окууга керектүү документтердин тизмеги салынып, өспүрүмдөрдү 15-июлга чейин Орусияга жөнөтүү керектигин жазышкан. Самиранын кызы окууга өткөнүнө сүйүнүп, документтерин топтоп жүргөндө шектүү жагдайлар чыга баштаган.

“15-июлга чейин окуу жайдын өкүлү келип, атайын келишим түзүп, анан биздин жашы жете элек балдарды алып кетет деп ойлогом. Бирок андай кылышкан жок. Ата-энелер “Балдарды ким алып кетет?”, “Кантип жалгыз барышат?”, “Ким коштоп барат?” деп жазып башташты. Алар “Бизден эч ким барбайт. Биз билет сатып беребиз, балдарыңар өздөрү учуп келет, биз бул жактан тосуп алабыз” деп коюшту. Анан ошондо эч ким келбесе, эч кимди көрбөсөм, эч ким менен таанышпасам, жашы жете элек кызымды кимге жиберип жатам, кимге ишенип жатам деп ойлонуп отуруп калдым. Анан окуу жай тууралуу интернеттен көбүрөөк маалымат издей баштадым. Окуу жай тууралуу билдирүүлөрдү, маалыматтарды окуп, шок болдум. Бир нече күндөн кийин окуу жайдан кайра жазышып “Балаңарды жөнөтөсүңөрбү?” деп сурашты. Мен “Документтерди топтогонго жетишпей жатам” деген шылтоо менен баламды “жибербейм” деп койсом, ал “Кайсы документтерди жасай албай жатасыңар? Келгиле, мен силердин абалыңарды эске алып, кызыңарды алып кете берейин?” деди. Болгон документтерди салгыла, ошо менен эле алып кете беребиз деп жабыша баштады. Биз такыр жооп бербей койсок, телефон чала баштады. Жооп бербей койсок, улам-улам чалды”.

“Алабуга Политех” жаштарды сокку урган дрондорду жасоого азгырып жатат деген жаңылык Казакстанда да чыккан. Активисттердин колуна Астанадагы окуучуларга таратылган жарнама баракчалары тийген. Анда “Алабуга Политех” коллежине 14 жаштан өйдө балдар кабыл алынары жазылып, “Сен Орусияга керексиң”, “Атайын аскердик операцияда (СВО) жеңүү - өтө маанилүү”, “Душманды жок кылган дрон кураган - сонун” деген чакырыктардын жанына пилотсуз учуучу аппараттын сүрөтүн кошуп коюшкан. Башкы бетинде “Za Vлабугу!” деп турат.

Казакстанда окуучуларга таратылгн жарнама баракчалары
Казакстанда окуучуларга таратылгн жарнама баракчалары

Z жана V латын тамгалары Москва “атайын аскердик операция” деп атаган Украинадагы согушту колдогон символдор.

“Алабуга Политех” Татарстандын Елабуга шаарындагы “Алабуга” эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Окуу жайда пилотсуз учуучу аппараттар жасалгандыктан анын аймагына байма-бай дрон соккулары болуп турат.

Алсак, 2024-жылдын 2-апрелинде пилотсуз учуучу аппараттын чабуулунан 17 жаштагы кыргызстандык жараат алган. Жергиликтүү бийлик дрондор "Алабуга Политех” коллежинин жатаканасына тийгенин, 12 студент жабыркаганын билдирген. Медиа каражаттары сокку “Шахед” дрондорун чогулткан жайга урулганын жазышкан.

Кийинки кол салуу үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде болгон. Ал эми 15-июндагы дрон чабуулунан бир киши каза таап, 13 адам жараат алган. Татарстандын лидери Рустам Минниханов маалыматты ырастап, эки киши каза болгонун айткан.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Елабугадагы заводго сокку урганын ырастап, бул жай "Украина аймагына, өзгөчө энергетикалык жана жарандык инфраструктураларга сокку урган дрондорду даярдоо, сыноо жана учуруу үчүн колдонула турганын" билдирген.

Ага карабай, 2025-жылы 20-июнда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагы менен кызматташтык меморандумуна кол койгон. Бул тууралуу маалымат аталган министрликтин расмий баракчасына жарыяланып, кол койгон тараптардын сүрөттөрү кошо тиркелген.

“Меморандум кесиптик билим берүү чөйрөсүндө өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын “Алабуга” ӨЭА ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Кызматташуу алкагында Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын аймагында “Алабуга Старт” дуалдык программасын ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Меморандум 2025-жылы июнь айында түзүлгөнү менен “Алабуга Политех” окуу жайынын өкүлдөрү Кыргызстанга жазында келип, орто мектептерди кыдырып кеткени маалым болду.

“Бир жаш орус бала менен Диана деген кыз келди. Диана менин кызым менен Телеграмдан сүйлөшүп турчу экен. "Окуу башталганда түшкө чейин окуп, окуудан кийин түнкү 12ге чейин иштейсиңер" деди. Бирок ал кандай жумуш экенин айткан жок. Окуучулардын айлык акысы 70 миңден өйдө болот, бирок 1-курстагыларга 30 миңден өйдө төлөнөт дешти”, - деп кошумчалады атын атагысы келбеген ата-энелердин бири.

“Алабуга Политехтин” өкүлдөрү жазында Кыргызстанга келип, орто мектептерди кыдырып кеткенин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Динара Бекташева “Азаттыкка” тастыктады.

“Алабугадан” өкүлдөр келип, мектептерди кыдырышкан. Биз ага катышкан эмеспиз, өзүлөрү мектептерди, коллеждерди кыдырышып, Чүй облусун айланып, көлгө чейин барышкан. Быйыл эле эмес, 2023-жылдан бери келип жатат. Ошол маалда өткөндөр дагы бар. Азыр жалпысынан 58 бала окуйт. "Алабуга" тууралуу ар кайсы нерселерди айтып жатышат. Бирок ал чындыкка жатпайт.

- Сиз эмне жөнүндө айтып жатасыз?

"Мага баягы күнү министрдин орун басары "ал жакта көрсө дрон жасашат турбайбы, журналисттер айтып жатат" дейт. Ал жерде андай нерсе жок. 2023-жылы министрлик, лицей, коллеж жетекчилери болуп барып, көрүп келгенбиз. Бир гана Кыргызстан эмес, башка өлкөлөрдөн дагы келип окушат. Окууга кабыл алууда бүт баары онлайн жүргүзүлөт. Алардын шилтемеси аркылуу өтүп, финансылык сабаттуулук, ишкердик боюнча кандайдыр бир оюнду ойноп, утса эле өтө беришет”.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү “Алабуга Политехте” дрон жасалбайт дегени менен аталган окуу жай пилотсуз учуучу аппараттарды жасоого студенттерди кабыл алып жатканын жашырбайт.

Астанада балдарды согуш дрондорун жасоого үгүттөгөн баракчада көрсөтүлгөн байланыш номери менен “Алабуга Политех” окуу жайынын расмий баракчасындагы байланыш номери дал келет. “Азаттыктын” журналисттери ал номерге Телеграмдан жазып, суроолорду берип көрдү.

- Саламатсызбы! Дрондорду чогултууну үйрөнүү үчүн кайсы багытты тандап алыш керек?

- Кутман күн! Аэронавигация жана пилотсуз учуучу апараттарды программалоо багыты бар. Окууга тапшыруу кеч эмес.

Токмок шаарынын тургуну Казыбек (аты өзгөртүлгөн) “Алабуга Политех” окуу жайы тууралуу мектептен, мугалимден уккан. Баласы онлайн оюндардын бардык баскычтарынан өтүп, 15-июлда Орусияга окууга учуп кеткен. Ал жакта сокку урган дрондор жасаларынан кабардар эмес болчумун дейт Казыбек:

“Азыркы учурда ал жактагы куратор менен жумасына бир жолу сүйлөшүп турам. Сентябрга чейин балдар бош экен. Орусияга билеттерди окуу жайдын өкүлдөрү алып беришкен. Бул жактан биз болгону узатып койдук. Азырынча окуу программасы менен тааныша элекпиз. Алар оозеки теория 30%, 70% практика болорун айтышты. Аскердик-патриоттук оюндарды өткөрүшөт экен. Коопсуздук боюнча келишимдерди салышты. “Пейнтболдон жараат алып калса, каршы эмеспиз” деп кол койдуруп атышкан да. Мен дагы кол коюп бердим”.

“Алабуга Политех” окуу жайынын расмий сайтына пейнтбол оюну тууралуу видео жарыяланган. Анда “душмандардын байрагы” деген желектин ортосуна НАТОнун белгиси түшүрүлгөн.

Орусиялык иликтөөчү журналисттер пейнтбол оюну учурунда студенттер түрдүү жараат алышарын жазып чыккан.

“Ата-энелерди андай документтерге кол койдуруп алуу - бул өтө эле кооптуу нерсе. Чынын айтканда айрым ата-энелер эмнеге кол коюп жатканын билбей, түшүнбөй калышат. Ата-энелер эле эмес, мугалимдер деле. Ошондуктан, биринчи кезекте, чын эле биздин Билим берүү министрлиги кол койгон меморандумдун негизинде балдарды ушундай тартып жаткан болсо, анда ачыкка чыгарыш керек. Эмне себептен мындай кол коюлуп жатканы тууралуу министрлик түшүндүрүү иштерин алып барууга тийиш. Анткени балдардын денеси жараат алса, арызданбайм деп кол койдурганы - бул өтө эле кооптуу. Жаш бала, мектеп окуучуларын дагы бир жолу кайталап кетейин саясий оюндарга тартканы таптакыр туура эмес", - дейт билим берүү тармагы боюнча эксперт Мырза Каримов.

Казыбектин баласы менен бирге Кыргызстандан да бир нече окуучу Орусияга “Алабуга Политех” окуу жайына учуп кеткен:

“15-июлда кете тургандар 11 киши болчу. Менин билишимче анын 8и кетти. Менин балам менен сүйлөшкөндө сегиз киши учуп келдик деген. 25-июлда 21 бала барды деп угуп атам. Ал нерсени балам айтып берип атат. Кыргызстандан, Өзбекстандан башка жактардан дагы жалпы 21 бала келди дейт”.

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Мырза Каримов жашы жете элек балдарды чет өлкөгө ата-энеси же мугалимдердин коштоосу жок жиберүү туура эмес деп эсептейт:

“Эгер биздин Билим берүү министрлиги келишим түзгөн болсо анда министрликтен бирөө тайпаны чогултуп, тигил жакка өткөрүп бериш керек. Себеби, балдар 18ге толо элек. Аларды жөн эле жиберип, тигил жактан тосуп алат дегени туура эмес. Мектеп жашындагы балдар ар кандай эл аралык олимпиада, башка спорт оюндарына катышканда да сөзсүз алар менен кошо бир өкүл барат”.

Өспүрүм кызын “Алабуга Политех” окуу жайына жөнөтүп жаткан каарманыбыздын дагы бири ата-энелер балдарын мектептеги мугалимдерге ишенип жибергенин айтып берди:

“Менин кызым бара элек. Эми кетет. Кеткендер менен сүйлөшүп, маалымат алып жатабыз. Курбулары дагы тапшырган. Окууга өтүү кыйын болгон жок. Менин кызым өзү кирип, изденип, ойноп, өтүп кетти. Биз окуу жай тууралуу мектептен уктук. Бизге мугалимдердин балдары кетип жатат деп айтышты”, - дейт атын атагысы келбеген дагы бир ата-эне.

Токмоктогу №5 мектептин директору Мирлан Токтобеков “Алабуга Политех” окуу жайынан 2025-жылдын апрель айында үч өкүл келгенин, шаардагы мектептердин окуучуларын бир имаратка топтоп, жолугушуу уюштуруп беришкенин ырастады:

“Бизге жогору жактан буйрук менен келишкен. Ошол буйруктун негизинде биздин мектепке киргизип, тестирлөөдөн өткөрүшкөн. Негизи биздин мектеп базалык болуп эсептелгендиктен, жолугушууларды бул жакта уюштурган. Алар “Бизнес мышык” же болбосо Business Cats деген оюн ойноп, биринчи деңгээлге жеткендерди тандап алып жатышкан. Биздин мектептен эки окуучу катышкан. Бирөө окуу жай талап кылган деңгээлге жете алган жок, экинчиси ошол деңгээлге жетип, документтерди топтоп, окууга тапшырып атат”.

Жолугушуулардын биринен тартылган сүрөттөрдө “Алабуга Политех” окуу жайындагы багыттар көрсөтүлгөн. Анда дагы пилотсуз учуучу аппараттарды даярдоо боюнча атайын багыт бар.

Былтыр сентябрдын башында Украина Орусиянын аскердик жайларынын тизмесин аныктаган. Ал тизмеге пилотсуз учактарды чыгаруучу заводдор да кирет. “Алабуга” эркин экономикалык аймагында пилотсуз учкан аппараттар чыгарылгандыктан, ал Украинанын “согуштук бутасы” болуп саналарын адистер эскертишет.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG