Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Коопсуздук кеңешинин катчысы АКШ элчисине жолукту


Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Кыргызстандагы АКШ элчиси Лесли Вигери.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Кыргызстандагы АКШ элчиси Лесли Вигери.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Эки тарап кызматташтык, аймактык коопсуздук маселелери, терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү коркунучтарын талкуулады. Жолугушууда АКШнын жаңы миграциялык саясаты боюнча дагы кеп козголду.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын быйыл май айында билдирген.

Анда мындай чечим АКШ президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 11-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, визанын мөөнөтү боюнча маселени талкуулаган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG