Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Атамбаев Кой-Таш ишин Гаага сотунда кароо сунушун кайталады


Алмазбек Атамбаев. Архив сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архив сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.

Ал кыргыз бийлигине Рим статутун ратификациялоону жана ишти Гаагага өткөрүп берүү сунушун киргизгенин, бирок ага жооп болбогонун билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына пост жазды. Бул анын расмий баракчасы экенин мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев ырастады.

“Мурдагы президент катары билем: кээде мамлекет башчынын өзүн да ар кандай себептер менен айрым жооптуу кызматкерлер адаштырып коюшу мүмкүн. Президент Жапаров айыпталуучуларды коргогон тараптын жүйөлөрүн жана далилдерин карап чыгып, адилет чечим кабыл алууга убакыт табат деп үмүт кылып турам. Анткени бул уят өкүмдүн жоопкерчилиги эми Жээнбековдо эмес, түздөн-түз анын өзүндө калат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.

Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG