Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Президент Жапаров талаш жараткан ЖМК мыйзамына кол койду


Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы документке ылайык, массалык маалымат каражаты юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн кийин маалымат таратууга укуктуу экенин, ЖМКнын иши негиздөөчү же соттун чечими менен гана токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн экенин билдирди.

2024-жылы март айынын башында Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМК менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылган.

2022-жылдан бери талаш-талкуу жаратып келаткан долбоор артка кайтарылгандан кийин аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумуш топ түзүлгөн.

Ал иштеп чыккан документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейин ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, жумушчу топ иштеп чыккан вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталган.

Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыккан. Бул вариант Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өткөн.

Бирок мыйзам долбоору 25-июнда Жогорку Кеңештен бир топ өзгөртүүлөр менен кабыл алынган. Анда өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилип, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн.

Мындай өзгөртүүлөрдү депутаттар Айбек Маткеримов, Алишер Эрбаев, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулу сунуштаган.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, жарандык коом менен эркин медиа өкүлдөрү президент Садыр Жапаровду парламентте өзгөртүүлөр менен кабыл алынган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырган. Алар документ кабыл алынса сөз эркиндигине, көз карандысыз ЖМКларга кедергисин тийгизе турганын билдиришкен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG