Бишкекте мэрия мыйзамсыз экенин айткан курулуштарды буздуруп жатканда адамдар топтолгон жерге милиция кызматкерлери тартылды. Окуя бүгүн 5-августта Көк-Жар конушунда болду.
Милиционерлер катар тизилип турган, нааразылыгын билдирген кишилерди иштеп жаткан атайын техниканын жанына жолотпоого аракет кылган, аялдар ызы-чуу болгон, бийлик өкүлү "бул силердин жеке менчигиңер эмес" деп айтып жаткан видео социалдык түйүндөргө тарады.
Көп өтпөй мэриянын маалымат кызматы окуя Көк-Жар айылынын №172 контурунда болгонун, өзүм билемдик менен курулган 10дон ашык коммерциялык объект жана тосмо буздурулганын билдирди.
"Атап айтканда, эмерек цехи, картинг аянтчасы, кум блок чыгаруучу цех, ашкананын жана дүкөндүн кире бериш бөлүгү, автосервис, кампа жана башкалар демонтаждалды. Бул объектилер 2021-жылдан кийин курулган. Буга чейин бул аймактар административдик-аймактык реформа алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан, андан соң Бишкек шаарына өткөн. Учурда Аламүдүн районунан Бишкектин Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Бул айыл чарба багытындагы жер тилкелери", - деп айтылды маалыматта.
Бул жерлер, мэрия билдиргендей, 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 "Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына жана Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы "Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык келбейт.
Жер мунамысы тууралуу мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болот.
Мэрия №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын айтууда. (RK)
Шерине