Кыргызстандын Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына караганда, 5-августта саат 19:44тө өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Маалыматта белгиленгендей, жердин силкинүүсү бүгүн саат 19:44тө орун алып, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Жай-Терек, Сары-Базар айылдарында 5,5 балл, Майлуу-Суу шаарында 5 балл, Жалал-Абад шаарында 4 балл, Токтогул шаарында 3,5 баллга чейин сезилди.
Ал эми Бишкек шаарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.
Жердин титиреши Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 балл болуп сезилди.
Силкинүү Бишкек шаарында да байкалды, күчү канча болгону маалымдалган жок.