Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

“Тажик, өзбек, кытайлар менен кармашууга туура келүүдө". Харьковдогу жалданма согушкерлер


Харьков облусундагы Лозовая шаарындагы темир жол вокзалы жабыркады. Украина, 5-август, 2025-жыл
Харьков облусундагы Лозовая шаарындагы темир жол вокзалы жабыркады. Украина, 5-август, 2025-жыл

Орус аскерлери Лозовая шаарына жапырт сокку урду. Анын алдында украин президенти Харьков облусуна барганда орус тарапта чет өлкөлүк жалданма согушкерлер - тажик, өзбек, кытайлыктар кармаштарга катышып жатышканын айткан. Ала арада АКШ орус мунайын сатып алып жаткан Индияга эскертүү жасады.

Харьков облусундагы Лозовая шаары шейшембиге караган түнү эки саат бою тынымсыз аткылоого кабылганда бир киши каза таап, кеминде он адам, арасында эки өспүрүм жарадар болду. Облустук администрация башчысы Олег Синегубов 33 дрон менен сокку урулганын билдирди.

Ага чейин мэр Сергей Зеленский согуш башталгандан бери шаар мындай жапырт чабуулга кабылбаганын маалымдаган. Сокку темир жол инфрастуктурасына урулуп, вокзалдын имараты жарым-жартылай талкаланды. Ал станция Харьков облусундагы маанилүү транспорт хабына кирет. “Украин темир жолдору” компаниясы каза тапкан 55 жаштагы киши вокзалдын кызматкери экенин билдирди.

Орус аскерлери Лозоваяга коюлган чабуулду комментарийлеген жок. Москва далилдерге карабай карапайым украиндерди жана жарандык жайларды бутага алганын танып келет.

Түн ичинде украин куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 46 учкучсуз дрон менен аткылаган, анын 29у атып түшүрүлдү. Бир баллистикалык ракета жана 17 дрон бир нече жерге тийген.

4-августта украин президенти Владимир Зеленский Харьков облусундагы Волчанск бекетине барып кеткен. Ал жактагы батальон шаарды бир жылдан бери колдон чыгарбай кармап келатат.

Зеленский командирлерге таянып, орус тарапта чет өлкөлүк жалданма согушкерлер кармаштарга катышып жатышканын айтты.

“Силерге оор болуп жатканын түшүнөм. Бирок силер украиндерсиңер, тажик, өзбек, кытай, пакистандыктар, африкалыктар менен согушууга туура келүүдө. Биз муну жөн калтырбайбыз".

Зеленский буга чейин Москваны чет өлкөлүк, анын ичинде кытайлык жалданма аскерлерди согушка салып жатканы үчүн айыптаган. Бээжин андай дооматты четке каккан.

5-августта Украинанын Аскер туткундары боюнча маселелерди координациялоо штабынын "Хочу жить" мамлекеттик долбоору Орусиянын Кыргызстандын жарандарын согушка тартуусу кооптуу болуп турганын билдирди.

Долбоордун маалыматына караганда, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн кыргыз жарандарынын саны кеминде 327ге жетти.

"Чыныгы сан мындан да көп чыгар, анткени тизмеге Кыргызстандын жарандары гана кирди, орус жарандыгы бар кыргызстандыктар кирген жок", - деп жазды "Хочу жить".

Быйыл апрель айында жарыяланган тизмеде согушка 2023-2024-жылдары тартылган жалпы кыргызстандык 360 жалданма аскер тууралуу маалымат кирген.

Орусия украин президентинин сөз болгон билдирүүсүнө жооп кайтара элек.

Ал эми орус Коргоо министрлиги шейшембиге оогон түнү украиналык 24 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп индиялык ишканалар Батыш санкция салган орус мунайын арзан сатып алууну уланта берсе, Делиге каршы чара көрүлөрүн эскертти:

«Орусиянын согуш машинасынын колунан Украинада канчалаган киши набыт болуп жатканы - аларга баары бир. Андыктан Индия АКШга төлөгөн тарифтерди эселеп көтөрөм”.

Өткөн аптада Трамп индиялык товарларга 25% чейин бажы төлөмү киргизилерин, дүйнөдөгү бешинчи ири экономика айыппулга жыгыларын билдирип, бирок анын чоо-жайын ачыктаган эмес.
Индия өкмөтүндөгү эки булак Рейтер агенттигине маалымдагандай, америкалык президенттин эскертүүлөрүнө карабай Дели орус мунайын импорттоону токтотопойт.

Шейшембиде Индия Вашингтон менен Еврошаркетти Москва менен соодага келгенде "кош стандарт" мамиле кылганы үчүн айыптады. Тышкы иштер министрлиги “чоң муктаждык болбосо да, алар Орусия менен сооданы улантып жатканын” билдирди.

Үстүбүздөгү аптада Трамп Москвага Киев менен тынчтык келишимин түзүү багытында олуттуу кадам таштоого берген мөөнөт соңуна чыгууда.

Кремль америкалык лидердин бул айтканы "эске алынарын" гана билдирип, башка комментарий берген эмес. Орусиянын президенти Владимир Путин 1-августтагы билдирүүсүндө Украина менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдү "жалпысынан оң баалай турганын" билдирген.

Шаршембиде Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф Москвада орус жогорку аткаминерлери, Путин менен жолугушмакчы.

Ал эми АКШнын НАТОдогу элчиси Мэтью Уитакер бир нече өлкө Киевди америкалык курал менен камсыздарын жарыялашарын айтты. Мунун алдында Нидерланд Украинага 500 миллион долларга курал-жарак, анын ичинде Пэтриот системасы үчүн ракеталарды жөнөтөрүн билдирген.

Падышалыктын коргоо министри Рубен Брекельманс: «Бул Украинага өзүн жана Европаны орус агрессиясынан коргоого жардам берет», - деп Х социалдык тармагына жазды.

Өткөн жумада Германия эки Patriot системасын Киеге берерин жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG