Москвада «Крокус Сити Холлдогу» теракт боюнча сот башталды. 147 адамдын өмүн алган окуя боюнча 19 шектүү соттолуп жатат. Теракттын уюштуруучулары табыла элек. Такси кызматын көрсөткөн айдоочулар 22-августтан тарта милдеттүү түрдө лицензия алышы керек.
УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты – Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алууга шек саналып кармалганын маалымдады. Бир нече жыл мурда облустагы Миң-Куш көмүр кенине байланыштуу жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгып, кийин кайра басылган.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө кирүүгө уруксаты бар жарандарга визанын мөөнөтү боюнча эскертме жарыялады.
Киев аза күтүүдө. 31-июлга караган түнү Киевге жасалган чабуулдан 27 жерде турак-жай, оорукана, мектептер жарым-жартылай кыйрады. Санкт-Петербургда патент менен иштеген мигранттар мындан ары таксиде айдай албайт. Мындай чектөөгө өзбекстандыктар менен тажикстандыктар кабылат.
Киев аза күтүүдө. 31-июлга караган түнү орус аскерлери украин баш калаасына жапырт чабуул коюп, 27 жерде турак-жайлар, оорукана, мектептер жарым-жартылай кыйраган. Куткаруучулар 31 кишинин сөөктөрүн урандылардын астынан алып чыгышты.
Киевге жасалган соккудан 30дан ашуун киши набыт болду, арасында бир бала бардыгы кабарланды. Чабуулда 160тай адам жараат алды. Орусия Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев бутага алынганы тууралуу комментарий берген жок.
Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсү 18 жылга кесилди. Киевге жасалган соккудан набыт болгондор сегизге жетти, 80ден ашыгы жараат алды. Ош мэриясы "Келечек" базарында соода кылып келген 150дөн ашык адамга жаңы муниципалдык базардан орун берилгенин айтты.
Санкт-Петербург облустук бийлигинин жаңы токтомуна ылайык, мигранттарга такси жана жеткирүү кызматтарында иштөөгө тыюу салынды. Чечим күчүнө кире электе эле бул тажрыйбаны бүткүл Орусияга киргизүү сунушталууда.
Британия Израил Газада ок атууну токтотпосо сентябрда палестин мамлекетин расмий тааный турганын эскертти. Бир нече күн мурун Париж ушундай эле кадамга барарын билдирген. Мындай чаралар Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелгени тууралуу маалыматтар көбөйгөн маалда көрүлүп жатат.
Запорожьеде орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, 43 киши жараат алды. Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын билдирди.
Дагы жүктөңүз