Москвада «Крокус Сити Холлдогу» теракт боюнча сот башталды. 147 адамдын өмүн алган окуя боюнча 19 шектүү соттолуп жатат. Теракттын уюштуруучулары табыла элек. Бирок иштин жүрүшүндө кыйноолор, кысым жана калыс тергөөнүн жоктугу тууралуу дооматтар жаралууда.
Кылмыш
Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору ага бейтаптын жакындары кол салып, ооруканага түшкөнүн билдирди. Медиктердин кесиптик уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова дарыгер “тоскоол болбогула” деп суранганда, бейтаптын атасы кол көтөргөнүн айтты. Бирок бейтаптын жакындары арыз жазып, анын негизинде милиция дарыгердин өзүн үч суткага камаганы белгилүү болду. Милиция дарыгердин үстүнөн арыз түшкөнүн, “майда бейбаштык” беренеси менен иш козгоп, сот үч суткага камоо чечимин кабыл алганын ырастады.