Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:41

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык жүрүп жатат


"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна даярдык иштери жүрүүдө.
"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна даярдык иштери жүрүүдө.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Энергетика министрлиги кабарлагандай, азыркы учурга карай жабдууларды жана материалдарды жеткирүү үчүн транспорттук тоннелдин курулушу толугу менен аяктады.

Дамбага жана курулуш аянтчаларына жетүүчү жаңы автожолдордун курулушунун үчтөн экиси (70%) бүткөрүлдү. Тоннелдин ичиндеги бетондоо, жарык берүү, желдетүү системаларын орнотуу жана 110 кВ аба чубалгыларын тартуу менен 110/6 кВ көмөк чордонун куруу иштери жарымынан өттү (60%). Вахталык шаарчанын курулушу менен жумушчулар үчүн жашоо жана иш шарттарын түзүү жарымдап калды (40%). Ал эми Нарын дарыясынын үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери башталган (20%).

Министрлик долбоор бардык коопсуздук жана сапат талаптарына ылайык, так график боюнча ишке ашырылып жатканын белгилөөдө. Өкмөт курулушка даярдык иштери Кыргызстандын бюджеттик каражатынын эсебинен жасаларын билдирген.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу, Министрлер кабинетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 3,6 млрд долларга турат. Бийлик башчылары 4 млрддан 6 млрд долларга чейинки сумманы да оозанып келишет. Курулушка кыргыз өкмөтү өзү 500 млн доллар бөлмөкчү болууда, Дүйнөлүк банк 500 млн доллар насыя берүүгө макул болгон. Муну менен катар Өзбекстан менен Казакстан да өздөрүнүн 1/3 үлүшү менен каражат салышары айтылган.

ГЭСтин долбоорун даярдоого Дүйнөлүк банк алгач 5 млн доллар, кийин кошумча кылып дагы 13,6 млн доллар каражат берген. Анын 7,6 миллиону грант, 11 млн доллары насыя түрүндө берилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG