Жумуш учурунда каза болгондо же мертингенде төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмү бекитилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-августта “Кызматкердин эмгек милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №465 токтомго кол койду.

Ага ылайык, жумуш учурунда мертинүүгө же кесиптик ооруга кабылганда төмөнкүдөй жөлөкпулдар берилет:

  • 3-топто – кызматкерге Улутстатком аныктаган республика боюнча орточо эмгек акыдан алынган үч орточо жылдык эмгек акы көлөмүндө төлөнөт.
  • 2-топто – беш орточо жылдык эмгек акы.
  • 1-топто – жети орточо жылдык эмгек акы.
  • каза болуп калган учурда, кызматкердин камкордугундагыларга 12 орточо жылдык эмгек акы көлөмүндөгү сумма төлөнүүгө тийиш.

Бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлер үчүн:

  • каза болуп калган учурда – 2 млн сом.
  • 1, 2 жана 3-топтогу майыптык алган учурда – ошого жараша бир жарым миллион, бир миллион жана беш жүз миң сом төлөнөт.

Мамлекеттик кызматкер каза болгон учурда, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык анын үй-бүлөсүнө 1 млн сом төлөнөт.

Кыргызстанда май айына карата орточо эмгек акынын көлөмү 41 339 сом деп белгиленген.

Токтом ушул жылдын 28-январынан тарта күчүнө кирет деп эсептелет.