Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Украина: Трамп Кремлдин тузагына түшпөйбү?


АКШ лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада жолугушары кабарланды. Бул Вашингтондун Украинада урушту токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн Москвага койгон ультиматуму аяктап жаткан маалга туш келүүдө.

Кремл Владимир Путин менен Дональд Трамп "жакынкы күндөрдө" жолугушарын ырастады. Шаршембиде Москвада Путин АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоффту кабыл алып, Украинадагы үч жылдан ашуун уланган урушту токтотуу боюнча "пайдалуу жана конструктивдүү" сүйлөшүү өткөнү кабарланды.

7-августта Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков жолугушууга даярдыктар башталганын жана Москва менен Вашингтон анын орду боюнча "принципиалдуу түрдө" макулдашканын билдирди.

"АКШнын сунушу менен жакынкы күндөрдө эки тараптуу саммит өткөрүү боюнча принципиалдуу макулдашуу жеттик", - деп Ушаковдун айтканын орус медиасы кабарлады.

Буга чейин 2021-жылы АКШ президенти Жо Байден менен менен Орусиянын лидери Владимир Путин 2021-жылдын июнунда Женевада саммитте кездешкен. Москва менен Вашингтондун мамилеси 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин бузулган.

Трамп Москвадагы Уиткофф менен Путиндин жолугушуусу "бир топ илгерилөөгө" өбөлгө болгонун, жакында Путин менен жолугушуусу ыктымал экенин айткан.

"Жакында жолугушуу өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар", - деген Трамптын сөзүн анын басма сөз катчысы журналисттерге билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Орусия тарап "Президент Трамп менен жолугушууга кызыкдар экенин билдирди жана президент Путин, Зеленский менен жолугушууга да даяр", - деди.

Зеленский сүйлөшүүлөргө кошулабы?

Эл аралык медиа кабарлагандай, Трамп Путин менен келерки аптада кезедшүүнү пландап жатканын, андан кийин Путин жана Зеленский менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү көздөп турганын жазды.

Эки лидер кайда жолугары азырынча айтыла элек. Путин 7-августта Бириккен Араб Эмирлигинин президенти менен жолугушары пландалган. Айрым маалымат булактары ушул жерде АКШ-Орусия саммити да өтүшү мүмкүн деп боолгошот.

Украина боюнча эл аралык кризис тобунун аналитиги Лусиан Ким "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Путин Зеленский менен жолугууга анча деле кызыкдар эмес, бирок Трамп менен андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбейт.

"Путиндин бул жаңжалды токтотуу үчүн кандай чечим кабыл алыш керек деген көз карашы Трамп же Зеленскийдикине коошпой турганын биз түшүнүшүбүз керек", - деди Ким.

Путин АКШ менен мамилени оңдоого кызыкдар болгону менен Украинага үстөмдүк кылуу аракетин улантып келет. Ал 2022-жылдын февралында Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири кандуу кармашты баштаган.

Ушаков Кремлдеги Уиткофф менен Путиндин үч сааттык жолугушуусун "абдан пайдалуу жана конструктивдүү" өттү деп мүнөздөдү.

"Биз Украина маселеси боюнча айрым сигналдарды бердик, ошондой эле президент Трамптан да алдык", - деди жолугушууга катышкан Ушаков.

Украинадагы уруштан тышкары "АКШ менен Орусия ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн" да талкуулашты.

Демократияны коргоо фондунун Орусия программасынын директорунун орун басары Жон Харди Уиткофф менен Путиндин жолугушуусунан согушту токтото турган бир натыйжа чыгат дегенге этият карайт.

"Мындай сценарийди буга чейин да көргөнбүз. Трамп белгилүү бир мөөнөткө чейин келишим жетишилбесе, экономикалык санкция салам деп коркутат. Анан орустар куру убаданы же маанисиз сүйлөшүүлөрдү сунуштап, маселени кийинкиге калтырып коюшат", - деди Харди "Азаттыкка". "Бул жолу андай болбойт деп үмүттөнөм."

Медиада жарыяланган маалыматтарга ылайык, Кремлдеги жолугушуудан кийин Трамп Зеленский менен сүйлөшүп, мүмкүн болчу саммит талкууланган. AFP агенттиги бул сүйлөшүүгө НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Британия, Германия жана Финляндия лидерлери да катышканын жазды.

Трамп Зеленский жана "европалык союздаштары" менен телефондон сүйлөшкөнүн айтып, "баары согуш токтошу керек дегенге макул жана алдыдагы күндөрдө жана жумада ушул багытта иштейбиз", - деди.

Зеленский X (мурунку Twitter) социалдык тармагында:
"Биздин өнөктөштөр менен жалпы позициябыз так - бул согуш токтотуу. Бул адилеттүү чечим болушу керек", - деп жазды.

Трамптын ультиматуму эмне болот?

Трамп Москва 8-августка чейин Киев менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишпесе Орусиянын мунай кирешесин азайтуу үчүн кошумча тарифтер киргизилерин эскерткен.

Ак үй ошондой эле Орусиянын согуштук машинесин каржылоого көмөк көрсөтүп жаткан өлкөлөргө каршы кошумча чараларды көрө турганын билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Трамп алдыдагы 24–36 саат ичи кошумча санкциялар боюнча чечим кабыл ала турганын билдирди.

"Бүгүн жакшы күн болду, бирок дагы деле көп тоскоолдуктар бар", - деди Рубио Fox Business телеканалына.

"Биз Орусия согушту кандай шартта токтотоорун жакшыраак түшүнүп калдык", -деди Рубио. Ал согушту токтотууда аймактык маселелер абдан маанилүүэкенине токтолду.

Трамп орус мунайына каршы тариф киргизүүдө

Ак үй Москвага 8-августка чейинки мөөнөттү карманууну улантып жаткандай. Трамп Индияга кошумча 25% тариф киргизген буйрукка кол койду. Жаңы импорт салыгы 21 күндөн кийин күчүнө кирип, индиялык айрым товарларга бажы төлөмдөрдү 50% чейин көтөрүлөт. Бул Вашинтондун соода өнөктөштөрүнө салган эң жогорку чектеринин бири.

Индиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечимди "өтө өкүнүчтүү" деп атап, көптөгөн өлкөлөр улуттук экономикалык кызыкчылыгынан улам орус мунайын сатып алып жатканын белгиледи.

"Индия улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт", - деп айтылaт Делинин билдирүүсүндө. Мунай сатып алуу базар шарттарына жана Индиянын 1.4 миллиард калкынын муктаждыгына жараша жүргүзүлөрү белгиленет.

Трамп Орусияга тарифтерди көтөрүү боюнча чечимди кийинчерээк кабыл ала турганын, ошондой эле Кытайга да ушундай чаралар киргизилиши мүмкүн экенин айтты.

Апрель айында Украинада согушту токтотуу үчүн 30 күндүк, кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен ок атышууну токтотуу сунушун киргизген. Киев ага макул болгону менен Москва иш жүзүндө четке каккан. Орусия тынчтыкка жетүү ниетин билдирип, бирок Киев жана Батыш өлкөлөрү кабыл алгыс бир катар шарттарды койгон.

Путиндин талаптарынын арасында Украинанын нейтралдуу макамы, улуттук армиясын кескин чектөө жана Орусия жарым-жартылай оккупациялап алган төрт аймакты: Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсондон баш тартууну талап кылган.

Бир катар аналитиктердин пикиринде, Орусия фронтто чоң жоготууларга дуушар болуп жатса да Путин бул аймактарды толугу менен басып алып, андан кийин гана олуттуу сүйлөшүүлөргө отургусу келет.

Согуш жакын арада токтойт дегенге ишеним аз болсо дагы айрым аналитиктер Кремл Уиткоффтун визитин санкциялар коркунучун азайтуу же кечеңдетүү үчүн колдонушу мүмкүн деп божомолдошкон. Bloomberg агенттиги атын атабаган булактарына таянып, Москва согушта дрон жана ракета менен сокку урууга убактылуу тыюу салуу сыяктуу айрым бир жеңилдиктерди сунушташы мүмкүн экенин жазды.

Украиналык саясий аналитик Олег Саакян 6-августта Current Time телеканалына курган маегинде Москва азыр Трамп белгилеген мөөнөттү эптеп чоюунун бир аргасын издей турганын айтты:

"Орусия үчүн азыр Трамптын мөөнөтүн жылдырууга жардам бере турган демилгелерди табуу маанилүү. Ошондуктан алар баарын майдалап бөлүп, Трампка убакыт өткөн сайын майда жеңиштерди берип турушу мүмкүн", - деген оюн ортого салды. "Азырынча бир гана суроо - Трамп бул тузакка түшүүгө даярбы же жокпу?"

Май айынан бери Стамбулда өткөн Москва менен Киевдин делегацияларынын үч жолку бетме-бет сүйлөшүүсү согуш туткундарын алмашуу менен гана чектелип, тынчтыкка жетүүдө таасирдүү бир жылыш болгон жок. Ошол эле маалда касташкан эки тараптын урушту токтотуудагы позициялары асман-жердей айырмаланат.

Трамп 14-июлда Путинге согушту токтотууга 50 күн убакыт берген. Ал талап аткарылбаса, орус мунайы жана сыртка саткан башка товарларына соода тарифтери кескин көтөрүлөрүн эскерткен. Вашингтон кийинчерээк бул мөөнөттү 8-августка жылдырган.

Украинада урушту токтотуу: Трамп менен Путин жолугат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG