Европа Биримдиги Кытайга каршы санкция салууга даярданып жатканын Politico басылмасы кабарлады. Басылманын Брюсселдеги дипломатиялык булагына таянуу менен жазганына караганда, буга Бээжиндин Орусиянын Украинага каршы согушун колдогону себеп болууда.
Reuters агенттиги июль айында учкучсуз учактар үчүн жасалган кытай кыймылдаткычтары санкцияны буйтап өтүү үчүн “өндүрүштүк муздаткыч орнотмолор” сыпатында Орусияга жашыруун жеткирилип келгенин жазган.
Politico басылмасынын булагы Reuters агенттигинин маалыматын “так жана Кытай өз көзөмөлүн күчөтүп жатканын көрсөтүп жатат” деп атаган. “Кытайдын көмөгүсүз согуш азыр такыр башкача болмоктугун чечкиндүү айта алам”, - деген басылманын анонимдүү булагы.
Евробиримдиктин он беш өлкөсү Бээжинге аталган жеткирүүлөр боюнча суроо менен кайрылышкан. Кытай буга өзүнүн катышын четке каккан, же комментарийден баш тарткан.
Санкцияны киргизүү августтан кийинкиге мерчемделүүдө. Ошол эле маалда, Евробиримдик Бээжин менен андан аркы сүйлөшүүлөрдөн баш тартуу ниети жок экени белгиленүүдө.
"КоммерсантЪ" жазгандай, Евробиримдиктин Орусияга каршы июлдагы 18-санкциясына Орусия менен соода кылган Кытайдын жети компаниясы менен Suifenhe Rural Commercial Bank жана Heihe Rural Commercial Bank банктары киргизилген. Кытай бийлиги мындай чектөөлөрдү негизсиз деп атап, өз компанияларынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн жооп-чара көрүүнү убадалаган.
Шерине